Бишкекте Курсан Асановдун жактоочусу алдамчылыкка шектелип, камакка алынды
22-августта Бишкекте Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирет.
Маалым болгондой, 2018-жылдын 19-сентябрында Н.Д аттуу жаран Икрамидин Айткулов алдамчылык менен 5500 долларга ээ болуп калганы тууралуу арыз менен кайрылган.
"Бул окуя боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук өндүрүшкө алынган. Шектүүгө билдирүү тапшырылып, Бишкек ШИИББи тарабынан камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин жактоочунун жубайы Раушан Айткулова Фейсбуктагы баракчасына "Икрамидин Айткулов сурактан кийин милицияда "калтырылды". Кененирээк маалымат дагы берилет", - деп жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бирок Асановго иш козгоп Соке бийлиги мынчалык пасстыкка барат деп ойлогон эмесмин.
Уят,уят уят...
эмес 500сом кв плат толой албай жургондор бар.