super.kg logo
  Саясат  

Кудайберген Базарбаев: "Кыргызстандык эмгек мигранттар таштап кеткен балдары үчүн жоопкерчиликте болушу керек"

 

Кыргызстандык эмгек мигранттар таштап кеткен балдары үчүн жоопкерчиликте болушу керектигин бүгүн, 7-августта социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев миграциялык саясатты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, мамлекеттин милдети калктын аялуу катмарына кам көрүү болуп саналат. “Кыргызстандагы балдардын көбү социалдык жетимдер болуп жатат. Учурда үй-бүлөлүк баалуулуктар бузулуп жатат”,- деди министр. Жолугушууда чет мамлекетке чыгып жаткан жарандар чек арадан өтүп бара жатканда канча баласы бар экендигин, алар кимдер менен калып жаткандыгын, кайдан келген каражат менен жашаарын билдирүүчү кошумча бөлүм киргизүү керектиги айтылды. Ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарын социалдык жетимдиктен коргоо үчүн административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү керектиги тууралуу маселе көтөрүлдү.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: