super.kg logo

"Мыкты жигиттер" сериалындагы Чан Динин ролу аркылуу таанылган корей актрисасынын ажырашуусу ызы-чуу менен коштолуп жатат

 

"Мыкты жигиттер" сериалындагы Гым Чан Динин ролу аркылуу таанылган корей актрисасы Ку Хйе Сондун ажырашуусу ызы-чуу менен коштолуп жатат. Бул тууралуу Түштүк Кореянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Бул аптанын башында кезектеги корей атактуулары ажырашып жатканы тууралуу маалымат ачыкка чыгып кеткен. "Кан" деген сериалга чогуу тартылган Ку Хйе Сон менен актёр, модель Ан Жэ Хён 2016-жылы үйлөнүшкөн эле. Актрисанын социалдык тармактагы баракчасына жазганына караганда, жолдошу анын көзүнө чөп салган. Анын мындай билдирүүсүнө актёр өз баракчасына "үйлөнүү тоюнан бери депрессияга кабылып, дарыланып жүрөм, жубайымдан башка аялдар менен байланыш болгон эмес" деп жазган.

Андан ары эки тараптын ызы-чуусу акчага байланыштуу күчөгөн. Ан Жэ Хёндун айтымында, ажырашуу процессинин алдында аялы койгон талаптардын баарын аткарган. "Тизменин арасына керек болсо, жубайым үйдү жыйнаган үчүн акыны да кошуп коюптур. Баарына толугу менен макул болдум. Бирок аялым кийин оюн өзгөртүп, башында макулдашылган сумма аз экенин айтып, биз экөөбүз жашаган үйдү берүүсүн сурады" деп жазган актёр. Кийин буга актриса жооп кылып, чынында эле, соңку чогуу жашаган үч жыл ичинде үйдү жыйнаганы үчүн күнүнө 25 доллар акы алганын билдирди. "Үйдөгү иштин 100 пайызын тең мен жасачумун жана акыны эмгегим үчүн талап кылдым" деп жазган актриса. Үйдү берүүсүн сураганы боюнча жолдошу өзү берем деп макул болгонун билдирген.

Азырынча эки атактуунун ажырашуу процесси расмий бөлүгүндө аягына чыга элек.

Мындан эки ай мурда Түштүк Кореядагы белгилүү жубайлар Соң Жуң Ки менен Соң Хе Кйо ажырашып жатканын билдиришкен.

Түштүк Кореяда гана эмес, бүтүндөй Азия континентинде популярдуу болгон "Мыкты жигиттер" мындан 10 жыл мурун тартылган. Бул сериалды сиз да жактырып көрүп, күйөрманы болгон болсоңуз, анда "Мыкты жигиттер" тууралуу даярдалган тесттен өтүүнү сунуштайбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
23.08.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шумдугун кур. Аялы жаман догурунган эптеп акча сыга албай аткан немего.
23.08.2019. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен азыр кореяда иштеп журом чындыгында бул жакта аялдары башкарат экен копчулук эркектер коркконунан уйлонбой журоберишеткен,
23.08.2019. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайларды да көрдүм үй иши эркектин моюнунда экен.Кир жууп,тамак жасап,үй жыйнайт,аялы телефондун жаагын жарат экен.
24.08.2019. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз кыздардан айлангылаа
25.08.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
elmira.,туура айтасыз. Биздин аялзаты канч түйшүктү аткарсаң да күйөөңө жакпайсың, биздин эркектерге корейдинн аялдары керек экен))) (тамаша)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: