super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Атамбаев үчүн Батукаев талуу иш болду. Жээнбековдун талуу жери ким же эмне болот? Саясатчы Бектур Асанов: "Коррупцияга каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгү буга чейинки президенттерде деле бар болчу"

 

Ички иштер министрлиги "Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар" деген маалыматты таратты. Батукаевдин иши боюнча Атамбаев президент болуп турганда жогорку кызматтарды ээлеген бир топ жетекчилер камакка алынганы маалым. SUPER.KG порталы "Атамбаев үчүн Батукаев талуу иш болду. Жээнбековдун талуу жери ким же эмне болот?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов "коррупцияга каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгү буга чейинки президенттерде деле бар болчу" деген пикирде.

"Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин дагы 4 жыл убактысы бар. Ал коррупцияга каршы күрөшүүнү уланта берет деген ойдобуз. Мындай мүмкүнчүлүк Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевде да болгон. Бирок алар мүмкүнчүлүктү пайдалана алышкан эмес. Ал эми Атамбаев тууралуу айтсам, ага козголгон кылмыш иштери боюнча далилдерди тапканда кыйынчылык деле жаралбаса керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: