super.kg logo
  Саясат  

"Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин шайлоодо кеткен каражаттары анын талуу жери болот" дейт коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев. КҮНСОБОЛ

 

Ички иштер министрлиги "Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар" деген маалыматты таратты. Батукаевдин иши боюнча Атамбаев президент болуп турганда жогорку кызматтарды ээлеген бир топ жетекчилер камакка алынганы маалым. SUPER.KG порталы "Атамбаев үчүн Батукаев талуу иш болду. Жээнбековдун талуу жери ким же эмне болот?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жогорудагы суроо боюнча Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланышынын өзү мыйзамдуу болгонбу деген маселе көйгөй жаратышы мүмкүн деген оюн билдирди.

"Сооронбай Жээнбековдун да Алмазбек Атамбаев өңдүү эле президенттик мөөнөтү бүтөт, ал да бийликтен кетет. Алмазбек Атамбаев президент учурунда кызмат абалынан пайдаланды, сотторго басым жасады деп кылмыш ишин козгоого Батукаев негиз болду.

Сооронбай Жээнбековдун талуу жери - ал мамлекет башчылыгынан кеткенден кийин президенттик шайлоо алдындагы шайлоо кампаниясына коротулган каражаттары болушу мүмкүн. Ошондо коротулду деп миллиарддаган доллар, сомдордун ачыкка чыгып кеткендиги, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башкы эсепчисинин өлкөдөн качып кеткендиги маселе жаратышы мүмкүн. Мындан тышкары, үгүт иштерин жүргүзүүдөгү финансылык чыгымдардын Шайлоо Кодексиндеги шайлоо фонду менен өлчөмдөш болушу керек деген беренелерге төп келбей калгандыгы маселе жаратат деп ойлойм. Жээнбековдун президент болуп шайланышынын легитимдүүлүгү эң талуу жагдайлардын бири болуп калат", - деди Келдибаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: