super.kg logo

Бишкектеги эки кампада чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды

 

Бишкектеги тиричилик техникасы жана азык-түлүк сакталган кампалардан чыккан өрт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

21-августта Ленин районундагы Интергельпо көчөсүндө жайгашкан "Беко" фирмасына таандык кампадан чыккан өрт тууралуу билдирүү түшкөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча өрт кампанын шыбындагы электр зымдарынын туташуусунан чыккан. Өрт чыккан аймакка ӨКМнын өрт өчүрүүчүлөрү тартылган. Азыркы маалыматтар боюнча кампада "Беко" жана "Хитачи" фирмаларынын тиричилик техникалары болгон.

Ошондой эле кечээ, 22-августта саат 18:45 чамасында Чокан Валиханов көчөсүндө өрт чыккан. Өрттөн "Бишкек машина куруу" заводунун 4 кабаттуу имараты өрттөнүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 2100 чарчы метр. Өрт электр зымдарынын туташуусунан чыккан.

Бул фактылар Жазык кодексинин 261-берене "өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда Ленин РИИБи өрттүн себебин аныктоо үчүн тийиштүү экспертизаларды дайындады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: