super.kg logo

8 жылдан бери Москвадагы дүкөндөрдүн биринде күзөтчү болуп иштеген кыргыз жигити орус тасмасына тартылууда

 
Тасмага тартылуу учурундагы кадр
Санжар Медетов Жети-Өгүздө
Жубайы Алина менен

Санжар Медетов 2011-жылы эл катары Москвага барып алдуу-күчтүү кезинде иштеп алайын деп кеткен. Анын алдыга койгон максаттарынын бири дагы 10 жыл чет өлкөдө иштөө болгон.

"Азырынча дагы бир нече жыл Орусияда иштейм деген оюм бар. Ал эми мындан ары тасмаларга тартылууга сунуштар болсо албетте тартылам. Актёрлук кесип жакты. Акчасы дагы жакты (күлүп)", - дейт ал.

Анда сөз башынан болсун. Санжар Медетов учурда орусиялык тасма жаратуучулардын толук метраждуу тасмасына тартылууда. Каарманыбыз тасмага кантип тартылып калганы, кандай роль жаратканы тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Өзүм Москвадагы дүкөндөрдүн биринде күзөтчү болуп эмгектенем. Жумушта отурганда толук метраждуу тасмага кастинг жарыяланганын окуп калдым. Анда башкы каармандын жан сакчысы болууга ылайыктуу мырзалар керек деп жазылыптыр. Өзүмдү сынап көрмөкчү болдум. Электрондук дарекке өзүм тууралуу кыскача маалымат жана сүрөт жибергем. 15 күндөн кийин мага режиссёр байланышка чыгып, андан чакыруу алдым. 19-августта тасманы тартуу иштери башталды. Тасманын аталышы "Магия". Анда башкы каармандын жан сакчысынын ролун жаратып жатам. Ал эми башкы каармандардын ролун орусиялык белгилүү актриса Марина Петренко, актёр Алексей Кравченко ойноп жатат. Азырынча тартуу иштери жана башка процесстер тууралуу толук маалымат бере албайм. Анткени келишимге кол койгом".

Туулган жери, үй-бүлөсү...

"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында 1993-жылы төрөлгөм. Бирок балалыгым Кызыл-Суу деген айылда өтүп, орто мектепти ошол жактан аяктагам. Жогорку окуу жайга тапшырып, кайсы бир себептерден улам окуумду уланта албай калгам. Бирок сөзсүз жогорку билимди алам.

Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын. Менден улуу 3 эжем бар. Баары үй-бүлөлүү. Атам Ички иштер министрлигинин ардагери, апам медицина тармагында 30 жыл эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда. Мен дагы быйыл Алина аттуу көлдүк кызга үйлөнүп, үй-бүлө курдум. Учурда жубайым экөөбүз Орусиядабыз", - дейт ал.

Санжар Медетов жыл сайын жай мезгилинде Кыргыз жергесине келип эс алып, ата-энесинин жанында чектелүү убакытты өткөргөндөн кийин Москвага сапар аларын кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(15)
23.08.2019. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ийгилик каалайбыз!!!
23.08.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ийгилик иним. Ойлогон максаттарыңар жет.
24.08.2019. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Азамат....
24.08.2019. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Интеллигенттин баласы экенсиң, ийгилик каалайм
24.08.2019. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кандай сонун жанылык. Ийгилик!
24.08.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азамат. Кубанып калдым окуп алып. Уй булон менен бактылуу бол
24.08.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
А молодец,актерлук онорун оркундой берсин!
24.08.2019. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Орусча суйлобогон ролдор болсо мени дагы айтып койчу иним :)
24.08.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менин жердешим экен. Апасын коргондой болуп атам. Эмнеси болсо дагы аман болгула. Азамат!
24.08.2019. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кино бутсо атын айтып кой коройлу, молодец ийгилик Аллахым колдосун
25.08.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Окендер айтмакчы Фортуна удачи жылмайыптыр же Жараткандын бергени,эмнеси болсо да ушул шансты кармап,колундан чыгарба,дагы башка тасмаларга тартылууга аракет кыл,жакшы аткарганга тырыш,омур жолунда бурулуш болуптур туура пайдаланып кал...
Ийгилик жана уй-булолук бакыт каалайм,азаматсын!
25.08.2019. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ийгилик
25.08.2019. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде азаматсын колдук балдар интелегент болот ушундай сен чимкириктерден ойдо турасын.
25.08.2019. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсың, ийгиликтерди жарата бер!
26.08.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы шанс келиптир. Уйуно барганда уктабай, ролуну кузгудон кайракайра кайталап даярдан. Джеки Чан уктабайт экенго киного тартылып жатканда. Бир эле кыймылын жуз жуз жолу кайра кайра кузгунун алдында кайталап даярданат экен. Давай дерзай, ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: