super.kg logo

Чалдыбар айылында пенсионерлерди тоноп жүргөн 2 бала кармалды

 
Панфилов районунун Чалдыбар айылында пенсионерлерди тоноп жүргөн 2 бала кармалганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Панфилов райондук милиция бөлүмүнө 1938-жылы туулган С.Э. 31-июлда саат 02:30 чамасында 2 бала үйүнө кирип, пенсионерди коркутуу жолу менен алтын сөйкөсүн чечип кеткендиги тууралуу арызы менен, ал эми 1931-жылы туулган К.А. 25-июлда белгисиз 2 жаран уюлдук телефонун жана алтын сөйкөсүн тартып алышкандыгы тууралуу арызы менен кайрылышкан. Карыган адамдар алардын келбетин эстеп калбагандыктан, милиция кызматкерлерине кылмышкерлерди табуу кыйын болгон. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышкерлер күрөөканага алтын өткөрүп жаткандагы кезинде видеого тартылып калган тасма аркылуу табылган. Жогорудагы кылмыш иштерине шектелип, Чалдыбар айылынын 22 жаштагы тургундары М.Т. жана Ш.К. кармалышкан. Учурда аталган жарандарга карата “тоноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалышты. Ошондой эле алардын башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: