super.kg logo

Вице-премьер тиешелүү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде салмак көзөмөлдөө тутумун толук ишке киргизүүнү тапшырды

 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Ак-Тилек автожолу" көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын унаа каражаттарын салмактык көзөмөлдөө динамикалык тутумун орнотуунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр коюлган жабдууларды, фото жана видеобайкоо камераларын көрүп чыкты. Ошондой эле унаа көзөмөлдөө жана товарларды каттоо жайынын иши менен таанышты.

Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттүн ичинде постто салмак көзөмөлдөө тутумун толук ишке киргизүүнү тапшырды.

"Автоматташтырылган салмак көзөмөлдөөчү тутумдун динамикалык системинин биз үчүн мааниси чоң. Кыймылдагы транспорт каражаттарын таразалоого жана көрсөтүлгөн салмактан ашкан унааларды аныктоого шарт түзөт. Систем толук кандуу иштеп кетиши керек жана борбордук серверге кошумча маалыматтарды жиберип турушу зарыл. Бул ЕАЭБдин аймагынан товарды, жүктү ташуу, алып өтүү процессин толук башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Системдин алкагында 10 министрлик өз ара аракеттенишээрин эске алуу менен иштин тийиштүү регламенти бекитилиши керек", - деди Разаков.

Вице-премьер-министр ошондой эле товарды каттоонун стационардык-сервистик пунктунун курулушу үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоо ишин жана буга байланыштуу каражат бөлүү маселесин тездетүүнү тапшырды.

Ошондой эле бул автоматташтырылган системди Транспорт жана жолдор министрлиги өкмөткө караштуу Салык кызматынын базасы менен бириктирүү тапшырылды.

Тутум менен таанышуу маалында кимдир бирөөлөр тарабынан буга чейин коюлган электрондук табло, металл тосмо талкаланганы, камераларды бүлүндүрүү аракети болгону белгиленди. Учурда бул фактыны текшерүү иши жүрүүдө.

"Автожолдун ушул тилкесиндеги жабдууларын кайтарууну камсыздоо жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо керек", – деди Жеңиш Разаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.08.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жукту таразага чейин тушуруп кайра жуктоп албайт бекен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: