Декларация: Вице-спикер Бөдөш Мамырованын былтыркы кирешеси 887 239 сом, унаасы Ниссан

Тапшыраган декларациясында вице-спикер Бөдөш Мамырова 2012-жылы негизги иш ордунан 887 239 сом киреше тапканын көрсөттү. Депутатка таандык 2001-жылы чыгарылган Ниссан (модели көрсөтүлгөн эмес) автоунаа бар. Депутаттын жакындары былтыр 400 461 сом киреше табышса, 62 чарчы метр аянтты ээлеген батирге ээлик кылышат. Эл өкүлүнө жана анын жакындарына таандык башка мүлктөр тууралуу маалымат жазылбаптыр аталган документте.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

