super.kg logo

Курсан Асановдун камакка алынган жан сакчысын жактоочусу менен жолуктурбай жатат деген маалымат боюнча Бишкек ШИИББи жооп берди

 

Кечээ, 24-августта ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун камакка алынган жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу жактоочусу Канат Хасанов менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:00дө Пайзылла уулу ИИМдин тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө бүткөн соң саат 21:30да ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Андан кийин саат 21:45те ал жактоочулары менен жолукту.

Жактоочу Канат Хасанов укук коргоо органынын кызматкерлери ага кардарын көрсөтпөй жатканын социалдык тармакка жазып чыккан. Ошону менен катар эле ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылуу дагы жасаган. Андан көп өтпөй Хасанов Дамирбек Пайзылла уулу менен жолукканын жазып чыккан.

Дамирбек Пайзылла уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына Кой-Таш окуясына байланыштуу документтер менен буюмдарды мыйзамсыз негизде берген деп айыпталып жатат.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: