Пенитенциардык кызматта иштегендердин кесиптик майрамына карата 9-августта Бишкектеги Эски аянтта парад болот
Бишкектеги борбордук Эски аянтта 9-август күнү пенитенциардык кызматта иштегендердин кесиптик майрамына карата парад болот. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Майрамдык иш-чарага КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов, кылмыш-жаза аткаруу тутумунун ардагерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Парад саат 09:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

