super.kg logo

Текебаевге козголгон кылмыш ишти кайра кароо үчүн материалдар Биринчи Май райондук сотуна келип түштү

 

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кайра кароо үчүн материалдар Жогорку Соттон Биринчи Май райондук сотуна келип түштү. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.

Билдирүүгө ылайык, Жогорку Соттон Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча материалдар баштапкы инстанцияга 23-августта келип түшүп, райондук соттун төрайымына киргизилген.

"Соттук отурум кайсы күнү өтөрү азырынча белгисиз. Бул иш азыркы тапта кароого бөлүнө элек. Материалдар төрайымга киргизилген", - дешти маалымат кызматынан.

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: