super.kg logo

1-сентябрь. Биринчи класска барып окуучу статусун алган жылдыздардын балдары

 

Быйыл, 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келгендиктен коңгуроо кагуу салтанаты 2-сентябрда орун алат. Бул күндү өзгөчө биринчи класска барчулар чыдамсыздык менен күтүп, алган жаңы кийимдерин, окуу куралдарынын баарын сумкасына салып даярданып отурганы талашсыз.

Мектеп босогосун аттай тургандардын арасында шоу-бизнес өкүлдөрүнүн балдары дагы бар. Бул ирет кайсы атактуулар баласын же кызын мектепке алып барарын тизмектеп көрдүк.

Ырчы Бегимай Карабаеванын экинчи кызы Адемай быйыл мектептин босогосун аттайт. 7 жаштагы Адемай Баткен шаарындагы менчик мектептен билим алууну каалап жатканын айткан ырчы буларды кошумчалады.

"Кызыма Бишкектеги же Оштогу мектептердин биринен билим аласыңбы десем "мага Баткен эле жагат, ушул жактагы мектепте окуйм" деп койду. 1 ай мурун эле мектеп формасын, окуу куралдарын алып койгонбуз. Азыр күн санап, качан 1-сентябрь болот деп күтүп жатат.

Буга чейин 5 ай мектепке чейинки даярдоо ийримине барганбыз. Кызымдын окууга болгон кызыгуусу жакшы, бирок уялчаак", - дейт ал.

Ырчы Ильяз Абдыразаковдун тун баласы Розан мектепке барганга ашыгып турган чагы.

"Уулум "мектепке аябай баргым келип" жатат деп эле отурат. Розан 7 жашта, мектепке чейинки даярдоо курсуна барган. Бишкектеги №13 англис тили багытындагы мектеп-гимназиянын орус классына барат".

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын тун уулу Барсбек Элчиев биринчи класска барат.

"Барсбек 7 жашта. Ош шаарындагы англис тили багытындагы менчик мектеп-гимназияда билим алууга даярданып жатат. Ал жакта мектеп формасын өздөрү беришет экен. Болгону сумка, окуу куралдарын алышыбыз керек. Азырынча ала элекпиз. Балдарды мектепке даярдоо деле чоң жумуш экен. Кызым Даткайым дагы быйыл мектепке чейинки даярдоо ийримине барат", - дейт ал.

"Таалай элеси" тобунун ырчысы Тотомидин Жолдошовдин Эрасыл аттуу баласы биринчи класска барчулардын катарында.

"Эрасыл балдардын үчүнчүсү, жашы 7де. Быйыл буюрса Бишкектеги №7 орто мектебине барат. Окууга болгон кызыгуусу жакшы. Мектепке чейинки даярдоо курсунда жакшы окуду. Азыр күн санап отурат. Алган кийимдерин күндө бир маал кийип турат. Үйгө меймандар келсе биринчи класска барам деп жар салып, кийимдерин, окуу куралдарын көрсөтүп мактанат".

Ырчы Мирбек Иманбековдун баласы Чынтемир билим алам деп турган чагы. Ал Талас облусундагы Чоң-Кара-Буура орто мектебине 1-класска барат.

Мындан тышкары ырчылар Айбек Карымов менен Гүланданын уулу Молдомуса №29 мектеп-гимназиясында билим алат.

Ырчы Назми Байзакованын кызы Алима кытай тили багытындагы №69 мектеп-гимназиясынын босогосун аттайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
29.08.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мектепке барып азыр эле келди деп да чыгара бергиле
29.08.2019. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kechirmeni,жардынго
29.08.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,Ооба,башка жанылык калбай калса эмне кылсын?Ушундай маалыматтарды окубай туруп,коментарийлерди окуйм го...
29.08.2019. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыз эместерден быйыл менин кызым мектепке барат аны да чыгарасыңарбы? ;)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: