super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Текебаевге карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылып, соттолду деген статусу жоюлду. Демек, аны азыр Жогорку Кеңештин депутаты деп санаш керекпи? Юрист Нурбек Токтакунов: "Текебаевди депутат деп эсептеш керек"

 

Эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралып, Текебаевге карата чыккан мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылган. Ага карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөткөн. Жогорку Соттон материалдар Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнү белгилүү болду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаевге карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылып, соттолду деген статусу жоюлду. Демек, аны азыр Жогорку Кеңештин депутаты деп санаш керекпи?" деген собол салды.

Юрист Нурбек Токтакунов Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча маселе чечилиши керек деген пикирде. "Текебаевге карата сот чечимдери жокко чыгарылгандан кийин баш коргоо чарасы боюнча маселе чечилиши керек. Өкүм жокко чыгарылса, эмнеге азыр дагы деле абакта отурат? Ал камакка алынганга чейин депутат болчу. Ошондуктан аны депутат деп эсептеш керек", - дейт Токтакунов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: