super.kg logo

Садыр Жапаровго атасынын жаназасына барууга уруксат берилбей, кийин саясатчы апасын акыркы сапарга узатууга жөнөтүлгөн. Уулунун тажиясына катышары белгисиз

 


2017-жылдын 20-сентябрь күнү Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча жактоочусу, жакындары кайрылып, атүгүл Жогорку Кеңеште депутат Талант Мамытов да суранган. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаров соттолгон беренеге (ред. барымтага алуу) таянып, кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт деген негизде жаназага катышууга уруксат берген эмес. Арадан эки күн өткөндөн кийин Садыр Жапаровдун атасынын сөөгү жерге берилген.

Ушул жылдын 27-март күнү Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова кайтыш болгон. Бул сапар ага уруксат берилип, апасын жерге берүү зыйнатына катышкан.


Кечээ, 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болду. Жактоочусу Шарабидин Токтосунов "уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына уруксат алуу боюнча президентке жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына катты жолдодук, учурда жооп күтүп жатабыз" деди. Дастан Садыр уулунун сөөгү Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында эртең, 28-августта саат 11:00дө коюлат.

Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал Бишкек шаарында күтүп жаткан тарапташтары менен жолугууга келе жаткан эле.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Ушул жылдын 30-апрель күнү Жогорку Сотто иш кайра каралып, Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 1 жарым жылга кыскартылып, 10 жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынган.

Жапаров учурда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 колонияда жазасын өтөп жатат.


кошулду





Садыр Жапаров баласынын тажиясына барабы?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
26.08.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Уруксат берилсин,эчбир жанды ботом дедирбесин Аллах.Садыр Нуркожоевичке сабыр берсин Аллах. Бардык туугандарына апасына терең кайгыруу менен көңүл айтамын
26.08.2019. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушундай оор кырдаалда турганда баласынан айрылып уруксат берилсин бечара баланын энеси жаман эле болуп жаткандыр жүрөгү жанчылып жакындарына Сабыр берсин Аллахым
26.08.2019. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Каап жалаа менен турмодо отуруп,жакындарынын жанында бирге болбой
катар жакын 3 адамдан айрылуу кандай жаман(((Аллахым сабыр берсин...
26.08.2019. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жанараак эле бир сайттан окудум окшойт уруксат берди деп. Уруксат берсе экен эгер бийликтегилердин "боор оору" сезими бар болсо
26.08.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аябай чон сыноо берилди Садыр байкеге бул дуйнодо,ылайым ушул сыноолордун артынан чон жеништер келип Кыргызстандын керегине жараган патриот адамдардын бири болуп,ама-эсен чыгып кетсин турмодон.
26.08.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Садыр жапаровду жанагында бошоткондо бул иш да болмок эмес бийликтин да куноосу бар
Бошотсун бей куно кармап олтурат каргышынан коркула
26.08.2019. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жапаровду адвокатын алмаштырыш керек.откондогу сотун коруп адвокаттын суйлогон созун угуп жиним келди.азыр актаймын деген сот дагы андай создон кийин актабайт.
26.08.2019. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ак ийилет бирок сынбайт. Ушул создун далилин корсок жакшы болмок. Садыр байкебизге сабыр тилейбиз.
26.08.2019. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Президентибиз ыймандуу киши. Уруксат берет деп ишенебиз
26.08.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bektur2011,Президент ыймандуу болгондо Жапаровдун актап чыгармак.Жапаровду Кыргыз эли колдогон үчүн чыгарбай жатат себеби бизде жакшы иштеген адамды коро алышпайт. Чымчыкты олтурсон да жооп бересиң дегендей бийлик ар бир кылган ишиңер үчүн жооп бере турган кунунор келет буюрса. А Жапаров го айтаарым сабыр кылыңыз тарых өзү таразалайт. Буюрса президент болоорсуз насип кылса
27.08.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mamiev,президент сот эмес! Ар кимдин озунун милдети бар
27.08.2019. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev,президент ыймандуу болуп чыгарып койсо анда закон бузулат. Сот гана актай алат закондуу түрдө
27.08.2019. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет,акыйкат жок бизде
27.08.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жактуу карасак баласынын жаназасына чыгарып койсо жакшы болмок. Бирок баардык атуулдар тең укукта. Анда баардык кылмышкелерди жакыны өлсө чыгарып турушубуз керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: