super.kg logo

Салык кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасынан 45 миллион сомдон ашык суммада кээ бир товарларды ташып келүүдөгү бузууларды аныкталды"

 

Кыргыз-Казак чек арасынан 45 миллион сомдон ашык суммада кээ бир товарларды ташып келүүдөгү бузууларды аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

"Чоң-Капка" көзөмөл өткөрмө пунктунан 3,4 миллион сом суммасында 27 даана авиациялык жабдыктарды (пульт), 5,3 миллион сомго кагазды (картон), 33,7 миллион сомго трансформаторлорду, 31 тонна коонду, 20 куб метр жыгач материалын алып келе жаткан машиналар кармалды. Бардык импорттоочуларда товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

"Чалдовар" көзөмөл өткөрмө пунктунан 165 миң сомго курулуш материалдарын, 2 миллион сомго 1 миң 351 унаа айнеги, 112 миң сомго 194 кутуча памперс ошондой эле 3 тонна коон алып келүү фактысы аныкталган. Ташуучуларда товарды ташып келүү үчүн салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болуп чыккан.

Мындан тышкары, "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө пунктунан салык органынын каттоо жөнүндө маалымкаты жок 13 миң 440 даана кирпич алып келе жаткан авто унаалар кармалган.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык, андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: