Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Summer Cup мелдешинин 1-турунда орусиялык спортчудан утулду
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык Summer Cup мелдешинин биринчи айлампасында орусиялык Полина Виноградовадан жеңилди. Экинчи айлампада Палкина жуптар арасындагы мелдеште орусиялык спортчу Яна Сизикова менен бирге орусиялык жана украиналык спортчулар Анна Моргина менен Алёна Сотниковага каршы ойнойт. Ал эми Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Women’s мелдешинде кыргызстандык теннисчи Алёна Панфилова жуптар арасындагы мелдеште казакстандык спортчу Евгения Резепкина менен бирге ойноп, орусиялык спортчуларга уттурду. Ал эми жеке таймашта да кыргызстандык спортчу жеңишке жетише алган эмес. Панфилова 6:0, 6:2 эсебинде казакстандык Асия Даирге уттуруп жиберди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.