"Кокустук болуптур. Арыз жазуу менен уулумду кайтарып ала албайбыз". Садыр Жапаров уулунун кырсыктаганына байланыштуу үн катты
Кечээ, 26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон. Бүгүн саясатчы баласы тууралуу биринчи жолу үн катты.
"Тиги бала атайлап жасабагандан кийин... Баары Кудайдан... Кокустук болуптур. Арыз жазуу менен уулумду кайтарып ала албайбыз. Кудайдын буйругуна баш ийели" деп Садыр Жапаров билдиргенин анын жакындары айтып беришти.
Жапаровдун тарапташы Мелис Аспеков социалдык тармактагы баракчасына "Садыр Жапаров баласын сүзгөндөрдү сотко бербегиле, арыз жазбагыла, бул кырсык, аны каматкан менен пайда жок деди" деп жазды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровдун уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына барышы бүгүн чечилерин билдирген.
Дастан Садыр уулунун сөөгү Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында эртең, 28-августта саат 11:00дө коюлат.
Дастан Садыр уулунун өмүр баяны тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде.
“Кырсыкка катышкан адамды каматып уулумду кайтара албайм” дейт Садыр Жапаров

Бирөөнүн башына түшкөн таш сенин башыңа түшпөйт, эгерде Аллах ошону каалабаса.
2) бул заказ.. анан турмодо Жапаровду коркутуп коюшту. Жазбагын арыз деп.. ьашка балдарынын омурун ойлоп ьалким макул болду..
Эмнеси болсо да арты кайрылуу болсун. Ата-энеге балажан айлыруудан оор эч нерсе жок болуш керек. Жакындарына кайрат тилейм... Кудайым жаннаттан орун берсин...