Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу: "Суусамыр" командасы "Төш Булакты" жеңип алды
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында бүгүн, 27-августта президенттин Кубогунун оюндары өтүүдө. Биринчи оюнда "Кабылан" жана "Жаш Күч" командалары ат майданда күч сынашып, жыйынтыгында "Жаш Күч" командасы жеңишке ээ болгон.
Ал эми экинчи оюнда "Суусамыр" командасы 5:1 эсебинде "Төш Булак" командасын жеңип алды.
Алдыда "Ынтымак" жана "Рассвет", "Көл-Төр" жана "Кара-Буура", "Ак-Суу" жана "Атуул" командаларынын ат майданындагы оюндары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.