Жактоочу: "Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралууда"
Тектеш кабарлар: Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы жана андан кийинки камакка алуулар (264 материал)
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, Асановду үй камагына калтыруу сунушталды. Сот кеңешме залына кирип кетти.
Курсан Асанов Аскер прокуратурасында бүгүн, 27-августта саат 14:00дөн тарта сурак берди.
Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бийлик мажироолугун корсотуп койду бир сагызганды кармай албай ...