super.kg logo

Бишкекте эки адамдын өлүмүнө шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкектеги Ленин РИИБинин кызматкерлери эки адамды өлтүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-августта Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги көчөлөрдүн биринде жайгашкан үйдүн алдында белгисиз эркек киши эсин жоготуп жатканын, кийиминде кандын тактары бар экендиги тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келип, үйдүн алдында жашы 25-30 чамасындагы жарандын эсин жоготкон абалда жатканын көрүшкөн. Ошол замат "Тез жардам" кызматы чакыртылып, жаран Улуттук хирургия борборуна алынып кеткен.

Андан ары үй текшерүүгө алынып, үйдүн ичинен 30-35 чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Ал эми анын жаткан жеринен эки бөтөлкө арак, 2 ашкана бычагы алынган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүүнү издөө иштеринин натыйжасында 32 жаштагы Б.Т. аттуу жаран кармалып, эки айга камакка алынган.

"Каза болгон кишинин аты-жөнү аныкталып, ал 30 жаштагы Н.Б. аттуу жаран болгон. Ал эми эсин жоготуп, ооруканада жаткан жаран 29 жаштагы Б.Т. болгон. Ал ооруканада эсине келбей каза болгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: