super.kg logo

Өкмөт башчы: "Билим берүүгө салынган инвестициялар өлкөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет"

 

Билим берүүгө салынган инвестициялар өлкөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, билим берүүгө инвестиция кылбаган коом өтө кыйын социалдык кесепеттерге кабылат.

"Бүгүнкү мезгил ааламдашуунун гана доору эмес, инновациялык изденүүнүн жана айыгышкан атаандаштыктын заманы экендигин белгилеп кетким келет. Ушундай атаандаштыкта биздин мектептер жана окуу жайларыбыз жөн гана адис-аткаруучуларды эмес демилгелүү, чыгармачыл, жогорку интеллектуалдуу адистерди даярдап чыгаруусу зарыл. Жаңыча ой жүгүртүп, мамлекетти өсүп-өнүгүүгө карай багыттай алган адистер – мезгилдин талабы. Телекоммуникация, компьютер жана интернет – кечээки заман. Азыр биотехнологиянын, нанотехнологиянын, гендик инженериянын жана жасалма интеллекттин заманы", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын пикиринде, мезгил азыр баарыбыздан маалыматтык цивилизациянын байкоочусу болбой, анын толук кандуу катышуучуларынан болушубузду талап кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
28.08.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушул дагы доодуройт. Кудасы менен коррупцияга малынып алып.
isarti түзөттү 2019-08-28 16:11:18
28.08.2019. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
isarti,
Ичин отуп атабы, Же куйуп атабы. Билбеим айтоор ичи тарлыкты таштасан болобу?

28.08.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абылгазиев баштаган окмот жакшы реформаларды жасап жатат.
28.08.2019. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мукан аке ишти эми катуу баштады окшойт эми жаңы реформаларга барчудай...
28.08.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абылгазиевди көрө албагандар толтура ошолор кара пиар кыла берип тажашпады. А Абылгазиев болсо иш менен алек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: