super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Жээнбеков "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот" деди. Анда эмне үчүн Атамбаевдин баш коргоо чарасы прессанын катышуусуз УКМКда каралып жатат? Качкын Булатов: "Сот реформасы жүргөн жок"

 

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот, мурдагыдай көмүскөдө болбойт" деген пикирин айткан. Бирок Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык караган.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот" деди. Анда эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы прессанын катышуусуз УКМКда каралып жатат?" деген собол салды.

Укук коргоочу Качкын Булатовдун айтымында, көпчүлүк эл сот реформасы жүрбөй жатат деген ойдо. "Президент соттук процесстер ачык болот деп айтып жатат. Бирок Жогорку Сотто Атамбаевдин убагындагыдай эле коррупцияга малынган, мыйзамды бузганга шектелгендер иштеп жатат. Эч кандай реформа жүргөн жок. Кантип соттор иштерди калыс карап жатат деп айта алабыз? Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди бошотушкан жок. Ак Үйдүн буйрутмасы болуп жаткандай эле сезилип жатат", - дейт Качкын Булатов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: