Ошто бычактан жаракат алган Талгат Сатыбалдиев премьер-министрдин жээни эмес
“Ош шаарындагы Сулайман тоодо болгон урушта жаракат алган 24 жаштагы Талгат Сатыбалдиев премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жээни” деген маалымат жалган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булагыбыз билдирди. Жаракат алган жаран менен премьер-министрдин фамилиялары гана окшош. Белгилүү болгондой, окуя 7-августта саат 03:30 чамасында болгон. Аталган тоодо сүйлөшкөн кызы менен эс алып жүргөн жигитке 18-20 жаштардагы 5-6 жигит келип тийишип, анын бутуна бычак сайып салышкан. Жабырлануучу ооруканада, учурда абалы жакшы экендиги, кылмышка шектүү жарандар изделип жаткандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-1

3 күн БАН!