super.kg logo

Салык кызматы сентябрдан тарта унаа, турак жай, жер салыктарын төлөбөгөндөрдү табуу боюнча рейд жүргүзө баштайт

 

Мамлекеттик салык кызматы унаа, турак жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салыктарды төлөбөгөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мыйзамга ылайык, салыктык милдеттенменин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын, жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат. Ушул жылдын 2-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл", - деп жазылат маалыматта.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
28.08.2019. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байлардын чоңдордун үйүнө баргыла ошол жактан табасынар. Карапайым эл төлөп эле келе жатат
29.08.2019. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салыктын 80%ы депутаттарга кетет деп маркум Уланбек Эгизбаевдин иликтегени бар экен. Элиталарыбыз ачка калбасын деп карапайым калкка айып пул саласыңар. А карапайым калктын айлгы аздыгы анын кечигип жатканы эч бир элитаны ойлонтпойт. Анда алар да ар бир кеччиккен күнү кчүн айлыкка компенсация кошуп төлөп бергендей мыйзам жазсын.
29.08.2019. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзүбүз коротуп жаткан газ, свет, суу үчүн акча төлөгөндө канчалык кыйынчылык нааразычылык менен төлөйбүз. А бул салык жутуп жаткан абабыз үчүнбү? Мамлекет салыктын эсебинен жашабай өзү ишканаларды колго алса болбойбу? Ансыз да чоңдордун чоң ишканалары бир тыйын да салык төлөшпөйт. Мамлекеттик ишканаларга жарыяланган тендерди мамлекет өзү камсыздай ала турган ишканаларды ачмайын өнүгүү болбойт.
29.08.2019. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
120 илита чимкириктерден баштагыла , алар салык эмне экенин билишпейт бети жоктор, карапайым элдин жайына койгула
29.08.2019. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казынада акча жок элди культурно тоноп жатасынар анан. Менин машинам бир жылдан бери журбой турат ага да салык толойумбу?
29.08.2019. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул салыкты башка убакытка белгилесе болбойбу? Элдер балдарын мектепке жиберип жатканда кошумча кыйнабай! супер сураныч билип бергилечи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: