super.kg logo

Бишкектеги баш аламандык учурунда патрулдук милициянын унаасын таш менен урган 25 жаштагы жаран чыгымдарды төлөп берди

 

8-9-августта Бишкекте орун алган баш аламандыкта бейбаштык кылгандардын бири кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиргендей, кармалган жаран патрулдук милициянын унаасына зыян келтирген.

"Бишкек ШИИББинин мобилдик батальонунун кызматкерлери 9-августта түнкү саат 01:00 чамасында баш аламандык учурунда күзөткө чыгышкан. Чыгыш-5 кичи районуна жакын аймактан жолдун четинде турган белгисиз адамдардын бири милициянын кызматтык унаасын (Ниссан Санни үлгүсүндөгү) таш менен урган. Анын кесепетинен унаанын алдыңкы терезеси талкаланган. Материалдык чыгым 12 миң сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 1994-жылы туулган Н.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү келтирилген чыгымды төлөп берген. Учурда Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды", - деп жазылат маалыматта.






Патрулдук милициянын унаасын таш менен урган жаран

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.08.2019. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ошол башаламандыктын себепкери болгон АША Кыргызстандын чыгымдарын толоп берсин.
29.08.2019. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Tolkun555,галдирава/
Оздорунун мээси бар болсо уйдо отурмак
29.08.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
12 күн Кой-Ташта жүргөн халтурасы менен төлөп коюптурда анда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: