super.kg logo

Бишкекте айдоочу 2 унааны сүзүп алды

 

Бишкектеги Ч.Айтматов кең көчөсү менен И.Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей, кырсык 29-августка караган түнү саат 02:00 чамасында орун алган.

"26 жаштагы Ж.М. аттуу айдоочу Хонда Легенд үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктү көздөй бара жатып Тойота Приус унаасын капталынан сүзүп алган. Тойота Приус унаасын 36 жаштагы К.З. башкарып бара жаткан. Ал эми Хонда Легенд унаасы андан ары жолдун четинде токтоп турган Тойота Виш унаасын сүзүп барып токтогон. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Унаалар айып аянтчасына токтотулду", - дейт басма сөз кызматынан.

Чогултулган материалдар Бишкек ШИИББине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: