super.kg logo

Сакиш каймана аты менен таанылган куудул Айнура Турганбаева "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылды. Сыйлык алгандардын тизмеси

 

Сакиш каймана аты менен таанылган актриса, куудул Айнура Турганбаева "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы ыйгарылды. Гастролдо жүргөндө сыйлык алганын айткан куудул буларга токтолду.

"Учурда Таласта гастролдоп жүрөм. Бүгүн, 29-августта эртең менен министрликтен чалып, сыйлык тууралуу айтышты. Андан кийин кесиптештерим куттуктап баштады.

Сыйлык алуу үчүн документтерди эбак эле тапшыргам. Бирок дал ушул жылы, ушул күнү берилип калат деп ойлогон эмесмин. Албетте, кубанып да, толкунданып да жатам", - деди ал.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сыйлык алгандардын тизмесин жарыялады. Сыйлык 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата тапшырылды.

Жамал Сейдакматова, актриса - II даражадагы "Манас" ордени;

Самарбүбү Токтакунова, комузчу, педагог - II даражадагы "Манас" ордени;

Кубатбек Жусубалиев, жазуучу - Эл жазуучусу;

Карбалас Бакиров, акын - Кыргыз Эл акыны;

Абдыжапар Эгембердиев, акын - Кыргыз Эл акыны;

Калича Сейдалиева, Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти - Кыргыз Эл артисти;

Рашбек Асанов, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти - Кыргыз Эл артисти;

Сатылган Осмонов, "Композиторлор союзу" коомдук бирикмесинин мүчɵсү, композитор - Кыргыз Эл артисти;

Дүйшөн Жолчуев, скульптор, “Кыргыз Республикасынын сүрɵтчүлɵр союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү - Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү;

Эгемберди Талипов, Ош мамлекеттик университетинин музыкалык аспаптар жана ырдоо кафедрасынын доцентти, обончу - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;

Манас Кожомжаров, ырчы - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;

Мамыралы Эшбаев, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери;

Жеңишбек Ысманов, опера ырчысы - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти;

Жоробек Аралбаев, театр жана кино артисти, “Кыргызстан кинематографисттер союзу” коомдук бирикмесинин мүчɵсү - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.

Мындан тышкары, маданият, адабият, илим, билим, юридика, экономика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, спорт жана дагы бир катар тармактарда иштегендер II-III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" орден-медалы, наамдар, Ардак Грамота менен сыйланышты.
Жалпысынан 167 адам мамлекеттик наамга, сыйлыкка ээ болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
29.08.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мерген Турган алса жакшы эле
29.08.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошо Мерген Турган эч жетпеди да аябай кутуп журот
29.08.2019. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kuba-savai87, Самара, Анжелика, Дайыр сыяктуу ӨТӨ таланттуулар алып бүткөндөн кийин анан алат.
futboler түзөттү 2019-08-29 16:34:06
29.08.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Элге эмгеги синген адамдарга берилиптир.Жакшы кабар.Атамбаевдин заманында наамдар сатылып кеткен эле.
29.08.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуптур
29.08.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баары улуу муундагылар алыптыр эн жакшы, Ашанын заманында жалан жаштар алып алып уят кылды эле олкону,
Мирбек,Гулжигит Самара и.д.
31.08.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,Мирбек татыктуу эле алган. Жакшы ырчыга 10 жылда эле берилет эмгек синирген артист Деген наам. Татыктуу эмес деп Гулжигит, Самара,Юлия Руцкаяларды айтса болот.
29.08.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул жагы жакты Сокенин,татыктуулар алыптыр!
30.08.2019. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Онолот деген ушул
30.08.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара Гулжигит ж башкалардын наамын отмена кылса болобу??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: