super.kg logo

Садыр Жапаров абакка кайтарылды

 

Уулуна топурак салганы барган Садыр Жапаров кечээ, 28-августта жазасын өтөп жаткан №1 түзөтүү колониясына алып келинди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

26-август күнү Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон.

2017-жылдын 20-сентябрь күнү Садыр Жапаровдун атасы Нургожо Жапаров каза болгон. Садыр Жапаровго атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча жактоочусу, жакындары кайрылып, атүгүл Жогорку Кеңеште депутат Талант Мамытов да суранган. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаров соттолгон беренеге (ред. барымтага алуу) таянып, кыска мөөнөткө жазасын өтөп жаткан жерди таштап кетүүгө болбойт деген негизде жаназага катышууга уруксат берген эмес. Арадан эки күн өткөндөн кийин Садыр Жапаровдун атасынын сөөгү жерге берилген.

Ушул жылдын 27-март күнү Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максутова кайтыш болгон. Бул сапар ага уруксат берилип, апасын жерге берүү зыйнатына катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.08.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бощотуп эле койсо болмок экен. Кан жутуп жургондо,уй булосунун жанында болгону туура болмок беле деп ойлоп койдум да
29.08.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жапаровко да жылт этчү күн чыгаар
30.08.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеч болуп калышы мумкун,бирок убагы келет,ак ийилет бирок сынбайт!Садыр Жапаров менин келечектеги президентим!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: