super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Премьер "мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт" деди. Бул күзүндө өкмөт алмашпайт жана өкмөт шайлоого даярдыкты баштады дегенди билдиреби? Жээнбеков: "Өкмөттүн ал сөзү саясий чечим болуп эсептелет"

 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 23-августта Чолпон-Ата шаарында мугалимдердин август кеңешмесинде октябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга чейин көтөрүлө турганын айткан. Ал "буга чейин 12 миң сом айлык алып келген мугалимдер 18 миң сомго чейин алат" деп билдирген.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Премьер "1-октябрда мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көтөрүлөт" деди. Бул күзүндө өкмөт алмашпайт жана өкмөт шайлоого даярдыкты баштады дегенди билдиреби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков эки жылдан бери өкмөт эч кандай реформа жасаган жок деген пикирин билдирди. "Эгерде биз бардык эл аралык көрсөткүчтөрдү карай турган болсок, коррупцияга каршы күрөш, эркиндик, билим, сот тармагы болобу бардык жагынан маанилүү жылыштар болгон жок. Өкмөттүн чоң ийгиликтери жок деп айтсак да болот. Экономика, бюджеттин киреше бөлүгү өскөн жок, инвестиция келбей жатат, Кыргыз мамлекетинен капитал качууда, эч кандай маанилүү соттук-укуктук реформалар болгон жок. Ушундай жагдайда өкмөттүн мугалимдердин айлыгын 30 пайызга көтөрөбүз дегени саясий чечим болуп эсептелет. Муну шайлоого даярдык деп кабыл алса болот", - дейт Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: