super.kg logo

Казак акыны Айнур Турсунбаева кыргыздарга кудагый болгону, калыстарга сөз кыйыткан Жеңишбек Жумакадыр... Кызыктарга бай эл аралык айтыштын жарым финалы өттү (фото)

 
Асылбек Маратов
Айнура Турсынбаева
Жандарбек Булгаков
Эламан Келдибеков
Балгынбек Имашов
Амантай Кутманалиев
Мухтар Ниязов
Мирлан Самыйкожо
Жеңишбек Жумакадыр
Баян Акматов

Бүгүн, 30-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагы болуп өттү.

Аталган айтышка Казак өлкөсүнүн 8 жана Кыргыз өлкөсүнөн 8 акын катышты.

Казак акындары:

1.Айнур Турсунбаева
2.Алтынбек Ибрагимов
3.Балгынбек Имаш
4.Биржан Байту
5.Жандарбек Булгаков
6.Мухтар Ниязов
7.Сырым Ауезхан
8.Нурлан Эсенкулов.

Кыргыз акындары:

1. Жеңишбек Жумакадыр
2. Азамат Болгонбаев
3. Асылбек Маратов,
4. Амантай Кутманалиев
5. Жылдызбек Төрөканов
6. Баян Акматов
7. Эламан Келдибеков
8. Шайлообек Отунчиев

Чүчү-кулак ташталып, акындар жуптарга бөлүнүп бүйүр кызыткан айтыш курушту.

Алгачкы жуп болгон Жеңишбек Жумакадыр менен Балгынбек Имаш элдин маанайын көтөрүп, кызыктуу айтыш курушту. Алгач эле сахнадан көп көрүнбөй калган Жеңишбек Жумакадыр "калыстар тобу мени тандоо турунан эле өткөрбөй койчу эле" деп сөз кыйытты. Ошондой эле ал казактар эч качан кыргыздар болуп кош байге сайбасын дагы айтып өттү. Ал эми өз кезегинде Балгынбек Имаш байгелердин башы болсун деп өзүнүн күмүш шакегин Жумакадырга белек кылды.

Ал эми кеченин эң мыкты айтышы, бул сүрмө топтун ичинде жалгыз ак куу болгон Айнур Турсунбаева менен азыркынын Барпы Алыкулову аталган Эламан Келдибековдун айтышы болду. Алгач эле атаандашынын сулуулугуна суктанып баштаган Келдибеков, айтыштын аягында Айнур Турсунбаеванын кызына куда түшүп ырын аяктады.

Натыйжада, финалга Жеңишбек Жумакадыр Балгынбек Имаш, Асылбек Маратов, Мухтар Ниязов, Эламан Келдибеков, Айнур Турсынбаева, Азамат Болгонбаев жана Жандарбек Булгаков өттү.

Айтыштын финалы 31-августта өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.08.2019. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Токмолук же айтыш онору эн жогорку онор деп билем мен. Кыргыздардан да Казак элинен мыкты акындар коп. Мен коптон бери Жандарбек Булгаковдун келишин кутуп жургон элем. Ушул акынды баалайм чынында кучтуу акын.
31.08.2019. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аалы жана Идирис корунбойт го
31.08.2019. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин сыймыгыбыз, сулуубуз Изат корунбойт го. Изаттын кызыктуу айтышын уксак болмок.
31.08.2019. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айттышты кайдан корсок болот видиосун.?)
31.08.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балгынбек Имаш жакшы акын.
31.08.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жашы Эламан Келдибеков екен ошол жигит утса екен.
31.08.2019. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жандарбек Булгаковтун айтыштарын ото баалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: