super.kg logo

Биринчи вице-премьер кышкы мезгилден туруктуу өтүүнү камсыздоо маселеси боюнча ар бир жетекчинин так позициясы болушу керектигин айтты

 

"Жылытуу мезгилине эки ай калганына карабастан, ар бир жетекчинин экономика тармактарын жана республиканын калкын энергетикалык системге кыйла көп күч келген кышкы мезгилден туруктуу өтүүнү камсыздоо маселеси боюнча позициясы так аныкталышы керек", - деп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жылытуу мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 27-августуна карата абал боюнча Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16,9 миллиард метр кубду түздү. Токтогул суу сактагычына суунун топтолуу агымы 2019-жылдын сугат мезгилинде орточо жылдык көлөмдүн 86 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө. Демек, ГЭСтер менен жылуулук электр станцияларынын ортосунда электр энергиясын карап чыгууну бөлүштүрүү маселесин кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл.

Кубатбек Боронов бөлүштүрүүчү электр компанияларынын айрым жетекчилери электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттери боюнча өкмөттүн тапшырмасын аткарууга талаптагыдай көңүл бурбай жатышканына басым жасады.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр энергетика ишканаларынын жетекчилери аткарылуучу оңдоо жумуштарынын мөөнөттөрүн эле эмес, иштин сапатын да өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Финансы министрлигине "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсы менен бирдикте бюджеттик керектөөчүлөр тарабынан пайдаланган электр энергиясы үчүн карызды толук көлөмдө төлөөнү камсыздоо боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.08.2019. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Айтты, деди, деп билдирди, деп баса белгиледи, деген оюн билдирди" деп эле жүрө беришет, булардын баары куру сөз. Узбекистандын президентине окшоп жаш баладай кылып ордунан тургузуп сурап, анан мойнуна тапшырманы илип, срок коюш керек, ошол срокто бүтүрө албаса кайрале ошол чогулушта эл көзүнчө прямой иштен айдаш керек, дейин десем биздин п.министр менен президенттин колунан койдун коргоолун теришта келбейт.
29.08.2019. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кышта кар көп жааса да өкмөттөн көрүп жүрбөгүлө. Андан көрө отун сууңарды азыртан камдагыла
29.08.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ПМдин аракети жакшы, баарын сөгүп талап кылыш керек. Негизи эле жакшы сөз жарашпайт аларга
30.08.2019. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окмоттун аракети жакшы натыйжа берип жатат. Колдош керек
30.08.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өкмөт дал ушул аткаруучуларды темирдей тартипке алып, ар бир баскан турганын козомолго алганда гана результат болот. Буга чейин булар кагаз бетинде калтырып конгон. Эми ал заман артта калды, иштегиле, ойгонгула,козунорду чоон ачып иштей турган убак келди алтындар!
30.08.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр талап куч иштей албаган жетекчиге эчкимдин боору оорубайт
30.08.2019. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурдагы ситуациядан сабак алып дагы бир жолу контролдоп, талап кылып атканы го жакшы. Мурдагы окуялар кайталанбаса, элим кышты аман эсен откоруп алса бийликтин иштегенге аракет кылганы ошол да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: