super.kg logo

Премьер-министр: "Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көп учурда өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткарбай жатат"

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчысы облус жетекчилеринин көңүлүн инвестиция тартуу, жумуш орундарын түзүү, ирригация жана таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин кыйла терең иштеп чыгуу иштерин күчөтүү керектигин айтты.

"Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көп учурда өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткарбай, демилге көтөрүшпөй, калк арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатышканын көрүп келебиз. Аймактардагы жарандарыбыз өздөрүнүн эң актуалдуу маселелерин чечүүдө көбүнесе жергиликтүү бийликтин көңүлүнөн тышкары калышууда. Айрым учурларда ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, мэрлердин, акимдердин ортосунда өз ара аракеттешүү жок. Буга жол бербөө керек. Силер жөнгө салынган жана ыкчам ишти камсыздоого тийишсиңер. Мындан тигил же бул аймактын бакубатчылыгы, социалдык-экономикалык маселелердин чечилиши көз каранды. Аймактардагы эң олуттуу маселелерди силерден башка ким көтөрүп чыгат? Бул маселелерди силерге айткыча күтүп отура бербегиле. Силердин бардык ыйгарым укуктарыңар бар. Жер-жерлерде маселелерди ыкчам чечүү максатында биз жергиликтүү бийлик органдарына маанилүү ыйгарым укуктарды берүүнү улантып жатабыз. Өкмөт аймактарды өнүктүрүү боюнча чаралардын топтомун ишке ашырууда. Акыркы жылдары аймактарда рекорддук сандагы социалдык объектилер курулду жана курулуп жатат. Инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, жеңилдетилген насыялоо боюнча бир кыйла каражаттар бөлүнүп, өндүрүштөр ишке берилүүдө. Бул масштабдуу иште силердин демилгелериңер өзгөчө мааниге ээ", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.08.2019. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп учурда эмес такыр эле аткарбай жатат ,аткарганда качан эле алдыга жылмакпыз аларды иштен да ала албайсыңар алар дагы чоңдордун жеени гуйө баласы карындашы кыскасы өйдө жакты эле тындап олтурушат.
30.08.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйгарым укукту окул деген аты эле бар булардын, аткарган иштери жокко эсе. Болгон кучун акимдерден чыгарышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: