Таштанды жайга айланган болчу. Бишкекте 10 гектар жерге 5 айда сейил бак салынды (фоторепортаж)










Бүгүн, 30-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Ч.Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын ачылыш аземи өттү. Аземге президент Сооронбай Жээнбеков, мэр Азиз Суракматов катышты.
Сейил бактын жалпы аянты 10 гектардан ашык жерди түзөт. Бул ири аянттагы жер тилкеси буга чейин каралбай, таштанды жайына айланган. Жер аянтын калыбына келтирип, сейил бакка айлантуу үчүн "Бишкек шаардык жашылдандыруу", "Бишкек курулуш" муниципалдык ишканалары бирге иш алып барышкан.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ачылыш аземде сөз сүйлөп жатып, жалпы элди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, аталган эс алуу бак шаар тургундарына жана меймандарына белек экенин кошумчалады. Ал өз сөзүндө сейил бак кыска убакыттын ичинде курулуп бүткөнүн белгиледи.
"Сейил багын куруу тапшырмасы апрель айында берилген. Бишкек мэриясы, шаардык кеңештин депутаттары кыска мөөнөттө сейил бакты бүтүрүштү" деди президент.
Ал эми мэр Азиз Суракматов "жаңы сейил бак борборубуздун көркүн ачып, шаарыбыздын тургундарына жаркын маанай, жаңы күч-кубат бере турганына ишенем" деп билдирди.
Сейил бактын ачылыш аземи кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн концерттик программасы менен уланууда.
Шаар тургундары жаңы сейил багында

Өз тагдырың колуңда