super.kg logo

Мурдагы мэр Албек Ибраимов сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты

 

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда Албек Ибраимов көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.

Мындан улам соттук отурум 2-сентябрга жылдырылды.

Окуянын чоо-жайы:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда. Ушул жылдын 6-мартынан тартып Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.08.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кылмышы үчүн жооп бере албай калганбы?
30.08.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күнөөлү болгон үчүн көрсөтмө бере албайт да.Көрсөтмөсү жок эле 25 жылга кесип салгыла нары.
30.08.2019. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларды чубалтып илен салан кылбай сразу 25-жылга камап таштагыла
30.08.2019. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай эле Чубактын кунундай чубалжыттынар го... Кулматов менен Ибраимов элге жакшылык кылса, коргоп алышмак. Булар жеткен ууру кескилер да. Корунуп эле турбайбы иш аракетинен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: