super.kg logo

Жактоочу: "Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө аяктады"

 

"Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча тергөө аяктап калганын тергөөчү билдирди", - деп бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Тергөө аяктаганы тууралуу бизге бүгүн айтылды. Бул боюнча протоколго кол коё элекпиз. Алмазбек Атамбаевди 8-августта кармашты, бүгүн, 30-августта тергөөнү бүтүрүп коюшту. Ошондо тергөө иши тез эле 22 күндө бүттү. Биз бардык нерсе мурдатан эле даярдалган деп ойлойбуз. Буга чейин Атамбаев күбө катары сурала турганы айтылган. Бирок Атамбаев кармалып келгенден бери бир дагы көрсөтмө берген жок. Демек, ал кишинин көрсөтмөсү керек деле эмес экен", - дейт Жоошев.

Жоошев бир жума мурун Атамбаев экс-башкы прокурор Аида Салянова жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов менен беттешкенин билдирди.

Атамбаевдин жактоочуларынын бири Сергей Слесарёв бул беттештирүү мыйзамсыз өткөнүн айрым маалымат каражаттарына айтты. "Атамбаев бул иш боюнча эч кандай көрсөтмө бере элек. Алардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык болушу мүмкүн эмес. Бул беттештирүүлөр мыйзам бузуу менен өттү", - дейт Слесарёв.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
30.08.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул дегени Кыргызстанда эми дагы бир чооон сериал башталат дегени болсо керек
31.08.2019. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кунолуубу 22 кундо бутобу 2кундобу жооп берсин.Камаганда дагы жон эле камап койбой эселеп куссун кийинкилерге сабак болсун
31.08.2019. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
22 кун силерге аз болсо дагы канча кун кутуш керек
31.08.2019. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Батукаевди МАИнин коштоосу менен чыгарууга бир эле аша буйрук берсе керек. Башкалардын кирише албасы айдан ачык го.
31.08.2019. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Очная ставкада АШАга каршы көрсөтмө бергендир, ошонун негизинде айыпталып жатса керек АША.
01.09.2019. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тушунбойсун кеч тергоо кылса тергоо кечигип жатат шектуунун укугу тебеленип жатат деп дагы нааразы болушат. Тезирек тергоону бутурсо тергоо тез эле бутуп калды дагы кобуроок чукулаш керек эле дешет. Деги эмне жагат. Негизги куноокор, негизги фигура кармалса дагы ким калды.
KAYRATBEK түзөттү 2019-09-01 20:56:42
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: