Соо жери калган эмес! Ысык-Көлдөгү 5 адамдын өмүрүн алган кырсык: "Рулдагы аялдын спирт ичимдигин ичкени аныкталды"





Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 5 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда болгон. Анда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
"BMW-Х5 жолдун каршы тилкесине чыга калган. Бул учурда каршылаш келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерде мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.
Ал эми BMW-Х5 унаасын 41 жаштагы аял айдап бара жаткан. Аны наркологиялык борборго алып барганда спирт ичимдигин ичкен деген жыйынтык чыгарып беришти. Учурда рулдагы аял жана жанындагы жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасында. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө", - деп айтты Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы.




Маркумдардын бейишин берсин! Ушул кичинекей наристенин убалы урсун!!!
Ээх журок ооруйтко.
Машинанын устуно эле чыгып кетиптирго кантип айдаган АКМАК. Тынч уктатпайтко уктатпайт.
Байкуштар эчтекеден кабарсыз келе жаткан , наристе кыткыр кулуп ойноо кези бир заматта ажыдаар баскандай басып кетиптир кок мээ.
Туугандарына сабр тилейбиз
Туура айтасыз. Жолду чон кылып салып койушса кырсыктын саны азаймак жок болбосо дагы