super.kg logo

Жалал-Абаддагы соода борбордун алдында 13 жаштагы бала бычакталды

 

Жалал-Абад шаарында 13 жаштагы бала бычакталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 30-август күнү саат 17:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Каныкей" соода борборунун жанында орун алган. Анда Жалал-Абад шаарынын 13 жаштагы тургуну А.А. аттуу баланы бейтааныш 18-20 жаштардагы бала көкүрөгүнүн сол тарабына бычак менен сайып жиберген.

"Окуянын кесепетинен жабырлануучу облустук ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Жабырлануучу баланын абалы учурда жакшы. Жарааты анча оор эмес. Ал эми шектүү бала кармалып, кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.09.2019. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бейбаштык эле эмес.атайын ден соолукка оор залал келтируу кылмышын да козгосун.бычак опасный да.кочодо да бычак которуп журобу.
02.09.2019. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандайча хулиган деген берене? Покушение за убийство болуп турат. Олсо убил случайно дейсинерби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: