super.kg logo

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнү 100 жыл мурун негизделген сейил бакта белгиленди. Иш-чараны чагылдырган 45 сүрөт

 

Ош шаарында өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, ага карата шаардагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багы толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Майрамдык салтанат аталган сейил бакта белгиленип, салтанатка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары жана шаар тургундары катышууда.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов мэрия шаардыктарга шарт түзүү максатында эс алуучу жайларды оңдоону, жаңыдан курууну колго алганын билдирди.

“Эгемендүүлүк майрамында Токтогул сейил багын ачып жатабыз. Токтогул сейил багынын түзүлгөндүгүнө быйыл 100 жыл болду. Советтер Союзу убагынан бери каралбай калган сейил бакты толугу менен оңдоп, эс алуучуларга шарт түздүк. Шаардыктарга шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакында Кулатов кичи районунда да чоң аллеяны пайдаланууга беребиз”, - деди мэр.

Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактын аянты 9 гектарды түзөт. Оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, жеке ишкерлер да колдоо көрсөткөн. Сейил бакка кырктан ашуун көзөмөл камера Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан коюлуп, коопсуздук жагы каралган.

Сейил бактагы фонтанда кыргыз аялдын элесин берген айкел тургузулуп, таш менен Улуу Жибек жолунун көрүнүшү чагылдырылган. Түнкү жарыктандыруу иштери аткарылып, ирригациялык арыктар жаңыланган. Балдар үчүн жайкы сахна курулуп, ишкерлер тарабынан отургучтар орнотулуп берилгенин жазат маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.08.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алгалай бер Ош
31.08.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майрам сонун отуптур, майрамынар менен мекендештерим!!! Алыста жургондо, оз жерибиз тууралуу жакшы кабар уксак, башкача кубанып калабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: