super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында асманга ок атылды

 

Бүгүн, 31-августта Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты. Маалыматты SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева тастыктады.

Анын айтымында, эки тараптын ортосундагы пикир келишпестик 31-августта Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон.

"Алгач тажик тарап такталбаган аймакка асфальт төшөй баштаган. Чек арачылар ишти токтотууну суранышкан. Бирок алар токтотпогондуктан кыргыз чек арачы асманга эскертүү иретинде ок чыгарууга мажбур болгон.

Окуя болгон жерге укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү барып, коңшу элдин тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап асфальт төшөөнү токтотту. Анткени асфальт төшөө иштери кыргыз тараптын макулдугу жок жүргүзүлүп жаткан. Учурда аталган аймакта абал туруктуу", - деп билдирди чек ара кызматынын расмий өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.08.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асфальт тошосо бийлиги озу уруксат берген да,билмексен болуп олтурушат да,тажик президентинин рожасынан эле корунуп турат го,колунан жакшылык келбеши,аларга чек ара такталбай турганы жакшы да секин секин кирип келе беребиз деп ойлошот,а биз кыргыз жакшы ой менен кошуна деп журобуз.
31.08.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калп эле "Иш токтотулду" деп элди тынчтандырып коюшатта. Негизи тажиктер тоотпойт, өз билгендерин кылышат. Биздин бийликтегилер эле өтө өтө мээримдүү болуп калышкан.
31.08.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан мурунда ушул комментти жазгам. Тажик тарап тактала элек аймака асфалт төшөсө анда мыкты экен. А биздечи такталбаган аймак бул жакта турсун борбордун көчөлөрү,райондун борборлору тамтыгы чыгып турат. Машина байкуш кыбырап араң жүрөт. Биздин ары жок элиталар ушулардан сабак алсаңар.
01.09.2019. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
interpol,плюс басайын десем минус басылып Кетти эн туура алар керек болсо ошол жакка да асфальт тошошот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: