super.kg logo

20 жылдан кийин сүйүүсүнө жолуккан Жеңишбек Жумакадыр. Кыргыз акындарына чапан жапкан Жандарбек Булгаков. Эл аралык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

 
Жарым финалга чыккан акындар
Белгилүү төкмө Эстебес Турсуналиевдин жубайы.
Айтыштын эң кичинекей күйөрманы.
Казак акыны Айнур Турсунбаева.
Жарым финалда жуп болгон Асылбек Маратов жана Айнур Турсунбаева
Төкмө акын, "Айтыш" коомдук фондунун тең төрөгасы Асылбек Маратов.
ЖогоркуКеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков жана Алтынбек Сулайманов.
Автомат акын Жеңишбек Жумакадыр
Казак акыны Жандарбек Булгаков.
Айтылуу төкмө Азамат Болгонбаев.
Казак акыны Балгынбек Имаш.
Азыркынын Барпысы Эламан Келдибеков.
Мухтар Ниязов
Финалга чыккан акындар
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов казак акыны менен.
Баш байгени алган Жеңишбек Жумакадыр сыйлыкты тапшырган Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер.
Айнур Турсунбаевага сыйлыкты Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков тапшырды.
АзаматБолгонбаевге сыйлыкты Акбар Рыскулов тапшырды.
Жандарбек Булгаковго сыйлыкты депутат, жазуучу Каныбек Иманалиев тапшырды.
Эламан Келдибековго сыйлыкты жазуучу, журналист Кайрам Иманалиев тапшырды.
Балгынбек Имашка сыйлыкты Абдылдажан Акматалиев ыйгарды.

Бүгүн, 31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагы болуп өттү. Аталган айтышка Казак өлкөсүнүн 8 жана Кыргыз өлкөсүнөн 8 акын катышты.

Финалга:

1. Жеңишбек Жумакадыр

2. Азамат Болгонбаев

3. Асылбек Маратов

4. Эламан Келдибеков

5. Айнур Турсунбаева

6. Балгынбек Имаш

7. Мухтар Ниязов

8. Жандарбек Булгаков

баштаган мыкты акындар чыккан.

8 акын чүчү кулак тартышып жуптарга бөлүнүп, тилдерин таңдайга такылдатып айтышты башташты. Айтыштын жүрүшүндө эки элдин төкмөлөрү ооздорунан сөздөрү куюла, айтышып элдин черин жазышты.

Айтыштын 1-күнү кыраң элдин маанайын көтөрүп, залды шаңга бөлөгөн Эламан Келдибеков атаандашы Мухтар Ниязовго татыктуу жооп кайтара албай аксады. Ал эми Кыргыз-Казак эли бирдей тааныган Балгынбек Имаш да комузда кол ойноткону менен мурдагыдай айтыша албады.

Ал эми айтыштан тыш болсо да саясий абалды, атка минерлерди, сатылган жерлерди ачылган кендерди ырдаган Жеңишбек Жумакадырды эл кыйкырык сүрөөн менен коштоду. Акын 20-жылдан кийин гана өзүнө кез келип отурган Айнур Турсунбаева менен болгон айтышы кеченин көркүн ачты.

Жыйынтыгында, кош баш байгени Айнура Турсунбаева менен Жеңишбек Жумакадыр, 1-орунду Асылбек Маратов менен Жандарбек Булгаков, 2-орунду Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязов ал эми 3-орунду Эламан Келдибеков менен Балгынбек Имаш алышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
31.08.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге .тубга чыкпай жатат бул айтыш, кечеекиси дагы калайык?
01.09.2019. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
[moderated]дан кутобуз чыдамсыздык менен
01.09.2019. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосун жүктөсөңөр болмок.
01.09.2019. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, туура, эми видеосун күтөбүз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: