super.kg logo

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысын жанында коштоп жүргөн адам табылды. Ал "Эркин Асрандиев жээкти көздөй сүзүп кетиши мүмкүн" деп айткан

 
Эркин Асрандиев

Кечээ, 31-август күнү Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп жатканы жана аны куткаруучулар издөөгө алганы маалымдалган.

"Жанында коштоп жүргөн киши табылды. Акыркы маалыматтарга караганда, Эркин Асрандиевди жанында сыңар калак менен айдалуучу, бир кишилик жеңил кайык (байдарка) менен коштоп жүргөн Н.К. аттуу эркек киши тирүү табылган. Анын айтымында, Эркин Асрандиев жээкти көздөй сүзүп кетиши мүмкүн. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу, “Мөлтүр” кемеси тартылган. Мындан сырткары, Ысык-Көл районунун акими, прокурору “Москва” кемеси жана 1 катер менен чыгышкан. Издөө иштери уланууда", - деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка тийиштүү ведомстволорго Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдү сүзүп өтүү маалында дайынсыз болгондугуна байланыштуу издөө иштерин активдүү жүргүзүүнү буйруп, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырган.

Асрандиев сууда сүзүү менен машыгып келгени белгилүү. 2 жыл мурун Ысык-Көлдү Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн. 15 чакырымдан ашык аралыкты анда ал 5 саатта сүзүп өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
01.09.2019. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанында жүргөн адам эмне киши эмес бекен? Башында эмне айтылган эмес эки киши деп? Же ал элиталардан эмес бекен?
01.09.2019. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылды го мунунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: