"Ала-Арча" эс алуу жайындагы өрттү өчүрүү 1-сентябрда уланат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" эс алуу жайында тоонун боорунда жана чокусунда бадал өсүмдүктөрүнөн жана куураган чөптөн чыккан өрт саат 20:15те чектөөгө алынып, саат 23:00дө иш-чаралар убактылуу токтотулду. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Өрт чыккан жерде ӨКМнын 110 куткаруучу түнөккө жайгаштырылган, ал эми калган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда. 1-сентябрь күнү өрттү толук өчүрүү иш-чаралары улантылат", - деп жазылат маалыматта.
Өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 14:55 чамасында келип түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.