Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев аман-эсен табылды
31-август күнү Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп жатканы жана аны куткаруучулар издөөгө алганы маалымдалган. Ал 1-сентябрга караган түнү 02:10 чамасында аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эркин Асрандиев Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдө сүзүп баратып, дайынсыз жоголгон. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу, “Мөлтүр” жана “Москва” кемеси, 1 катер тартылып, саат 02:10 чамасында дайынсыз болгон киши аман-эсен табылган. Ал Тоң районунун Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп келе жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:07
2026-03-04
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Эгер карапайым жараны болсо айыл өкмөттө барып коймок эмес