super.kg logo

"Ала-Арча" эс алуучу жайындагы өрт боюнча милиция териштирүүнү баштады

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 31-августта саат 15:32 чамасында "Ала-Арча" эс алуучу жайында өрт боюнча маалымат түшкөн. Ал жерге ыкчам иликтөө тобу, ӨКМнын кызматкерлери, "Тез жардам" жана өрт өчүрүүчүлөр барышкан.

"Коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер бөлүмүнүн жана Улуттук гвардиянын аскерлери тартылган. Жалпы өрт өчүрүүгө 750дөн ашык киши катышкан. Ошондой эле жергиликтүү тургундар өрт өчүрүүгө көмөктөшкөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып жатат. Жабырлануучулар катталган эмес. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр, ӨКМ жана милиция иш алып барып жатат. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 287-беренеси ("Токойду жок кылуу же зыян келтирүү") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: