super.kg logo

"2-3 метрлик толкундар болуп, кайык аңтарылып кетти". Эркин Асрандиев Ысык-Көлдө эмне болуп жоголгонун айтты

 

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев Ысык-Көлдө эмне болгонун айтып берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

"Мен жана командамдагылардын бардыгы аман-эсен. Мындай сүзүүдө тажрыйбалуу болгондуктан, бардык керектүү нерселер бар болчу: коштоп жүрүүчү эки кайык, буйлар, жарык берүүчү, тамак-аш жана куткаруучу жилеттер. Биз аба ырайына көңүл бөлбөй калыптырбыз. Ортолоп калганда саат 17:30да шамал болуп, 2-3 метрлик толкундар башталды. Биз бири-бирибизди таппай калдык. Кайык аңтарылып кетиптир. Экинчи кайык жээкти көздөй жарым саат мурун кеткен эле. Ал жээктен эки жолу аңтарылып кетиптир.

Бардыгы жакшы бүткөнүнө Кудайга шүгүр. Жанымдагы баланы 6 сааттан кийин тирүү табышыптыр. Мен жээкке чейин 7 саат сүзүп, куткаруучулар табышты", - деп жазды ал.

31-августта саат 18:50 чамасында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп жоголгон. Ал 1-сентябрга караган түнү 02:10 чамасында аман-эсен табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
01.09.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат жигиттер экенсинер!эркинер кучтуу багынбаган! лично мен учун ким болуп кайда иштегенинер маанилуу эмес.
01.09.2019. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ыссык колдо эки уч метрлик толкундар болоорун мин уктап бир да тушумо кирген эмес экен.
01.09.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушунун кимге кереги бар эле,31и эгемен күнүндө майрамдап жаткан МЧС башка кызматтагыларды дүрбөттүң.Көлдө эч качан 2 метрлик толкун болбойт боло да элек,мындай окшоштуруп айтсаңар.Т Сариев каяктагыны баштап коюп,эми мынтип оолугуп жатышат элдер көлдү сүзүп өтөм дешип.Тынч жаткан элди дүрбөтбөй жөн ишиңерди кылсаңар.Өкмөт да кызык издеп ьапкыла деп дуу кылып,Чычканда 5 жашар бала сууга акты Абылгазиев унчуккан жоксун го.Эми ушуну менен жогорудакы суучул Көл сезонду жапты окшойт.
01.09.2019. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
titanik32,2.3 эле эмес 4.6 метрге чейин толкун болот. Билбесен жазбай эле койчу ок
01.09.2019. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети саат сууда суздум дейтго
01.09.2019. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бул жеп-жутарлардын эс алганы деле проблема
01.09.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кыса турган жерин кысып эле тиричилигин кылбайбы дейм да,канча адамды кабатыр кылып,канча адамды убара кылып бир нерсени кыйратып койгонсуп,Ысык-көлдү сүзүп өттүң не пайда?
01.09.2019. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
7 саат сууда сүзүп жүрдүм дейт го, мен кургакта жети саат бассам турбай калам)) сүзгөн бул жакта турсун.
01.09.2019. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озун эптеп пиярлаган неме окшойт,ар нерсени айтып мактанып алыптыр болушунча
01.09.2019. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тапкан убактысын кара. А тушот экенсин кундузу жарыкта туш.
01.09.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жанымда тамак-аш бар эле дейби ничего себе. Колго тушпой эле кой бакканы чыккан окшойт.
01.09.2019. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тиги го сүзүп өтүптүр ал эми Ысык-көл районунун акими эмне куткаруучу болуп кетти беле! Жөнөкөй адамдар жоголсо аким кошулуп издешет беле, же тигиге подход жасап жүрөбү?!
02.09.2019. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ӨКМ куткарбаптыр деле демек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: