Экономика министри: "Азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган"

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеӊештин комитетинде "Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы" долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылды.
Экономика министри Санжар Муканбетовдун айтымында, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат.
"Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда министрлик Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишти", - дейт экономика министри.
Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми Кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
altyn-kumush

02.09.2019. 11:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат анда өлкөбүздүн айыл чарба тармагы да өнүгөт. Мындан ары да ушундай иштерди жасап мамлекетибиздин экономикасын көтөрөлү.
Erik2018

02.09.2019. 12:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айыл чарба тармагында жакшы онугуулор болуп жатат азырынча байкалбаганы менен 1,2 жылда козубузго корунуп калат
Flowhive

02.09.2019. 14:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин көзүбүз жакшы көрбөйт окшойт,силер өнүккөнүн көрөсүңөр.баары жок кытайдын дарысы менен,породасы жок малдар,микро микро чарбалар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.