super.kg logo

Кош майрам! "Акнет" компаниясы Билим күнүндө Илимдер академиясына 500 миң сом тапшырды

 

Бүгүн, 2-сентябрда билим күнү белгиленип жатканда, "Акнет" интернет таратуучу компаниясы Кыргыз улуттук илимдер академиясына 500 миң сом каражат бөлдү. Эки мекеменин мындай алакасы Илимдер академиясынын залында чакан салтанат менен коштолду.

Анда "Акнет" компаниясынын президенти Нурбек Абасканов өлкөдөгү билим берүү тармагын колдоо ишканасынын негизги максаттарынын бири экенин белгилеп, 500 миң сомдук сертификатты Илимдер академиясына тапшырды. Академия башчысы Мурат Жуматаев компанияга ыраазычылык билдирип, каражат каякка жумшаларына токтолду.

"Бул эки тараптуу кызматташуунун башталышы деп ойлойм. Бизге бөлүнүп жаткан каражат академиядагы конференция өтүүчү залды заманбап кылып жасоого жумшалат. Келечекте залда "Акнеттин" дагы иш-чаралары өтүп турса болот", - деди Мурат Жуматаев жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирип.

Андан кийин "Акнет" компаниясы эки тараптуу кызматташуунун келечеги үчүн деп даярдап келген торт менен кошуп академия өкүлдөрүнө чакан белектерин тапшырды.

"Бул боюнча сүйлөшүүлөр мен жетекчи болуп келгенге чейин эле башталган экен. Жалпысынан макулдашуу иштери 10 ай жүрдү. Негизгиси компаниянын кожоюндары академиянын өтүнүчүн колдошту. Советтер Союзунан бери Илимдер академиясынын айрым жайлары оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Бул имараттагы конференция залы абдан кенен. Аны жасап, керектүү каражаттарды койсок эң мыкты зал болуп калат. Биз бөлгөн каражат анын баарына жетпейт, бирок Илимдер академиясы дагы кошумча каражат табат деп ойлойм.

Ал эми бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылышы үчүн ишти аткарган подрядчиктерди биргеликте таап, залды оңдоо иштерин чогуу көзөмөлгө алабыз. Бул мекемеге каражат бөлгөнүбүздүн эң негизги себеби - бул билим берүү тармагы. Илимдер академиясы көп каралбай калган, каражат жетишсиз болгон мекеме экени көрүнүп эле турат. Мындан улам биз ушул чечимди кабыл алдык", - деди "Акнеттин" президенти Нурбек Абасканов.

"Акнет" компаниясы Кыргыз өлкөсүнүн рыногунда 20 жылдан бери иштеп келет. Бул жылдар аралыгында телекоммуникация рыногунда чоң ийгиликтерге жетише алды. Көптөгөн ишканалардын анын арасында илим изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайлардын стратегиялык өнөктөшү болууга жетишти. Ушул тапта өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын көпчүлүгү "Акнеттин" интернет тармагына туташкан. Өлкөнүн билим берүү тармагына салым кошууну "Акнет" компаниясы социалдык жоопкерчилигибиз деп эсептейт.

"Акнет" интернет-провайдер өлкөнүн бюджетине да ири салым кошуп келген компаниялардын бири. Келечекте да өлкөдөгү маанилүү социалдык долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү улантат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.09.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ап деп жеп койбой сарамжалдуу колдонгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: