super.kg logo

Баш байгеси 5 миң долларды түзгөн эл аралык сынакта кыргыз комузчулары жеңүүчү аталды

 

Кыргыз өлкөсүнүн комузчулары Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн "Шарк таронлары-2019" эл аралык салттуу музыка сынагында биринчи орунду ээледи. Анда жаш таланттар Эламан Каныбеков жана Айбек Каныбеков биринчи орунду багындырышты. Мындай маалыматты комузчу Эламан Каныбеков билдирди.

Сынак Өзбекстанда эки жылда бир өтөт. Бул жолу сынакка 80ден ашуун мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салттуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан. Иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев катышкан. Сынактын баш байгеси 5 миң долларды түзгөн.

Жеңүүчүлөр Карамолдо Орозовдун “Жаш кербез”, Нурак Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, Атай Огомбаевдин “Ак тамак - Көк тамак” жана Ниязалы Борошевдин “Кара өзгөй” күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып, калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтырган.

Эл аралык сынактын калыстар тобуна Кыргыз Эл артисти Роза Аманова мүчө болгон.

Эламан Каныбеков менен Айбек Каныбеков Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп интернатынан, кийинчерээк Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан билим алышкан.

Учурда Эламан Каныбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын “Камбаркан” фольклордук ансамблинде комузчу мындан тышкары, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайында сабак берет. Ал эми Айбек Каныбеков Карамолдо Орозов атындагы ансамблинде эмгектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.09.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар
02.09.2019. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сыймыктанып окудум! Азаматтар! Кыргыз эли сыймыктанат силердин талатныңар менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: